// //

Тайкем тынчтык бербейт

2018.07.12, 11:26
801

Үйдө апам, карындашым, тайкем, эжем  болуп чогуу жашайбыз. Алар менен эч эле тил табыша албайм. Үйүбүздө күндө ызы-чуу. Өзгөчө тайкем менен пикирим келишпейт. Эмне кылсам болот? 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.07.2018, 11:27

Тынчтыкбек Бакытов

Психолог

Урматтуу окурман, жашоодо ар кандай жагдайлар болот. Мен сизге суроолорду жөнөтөйүн, жооп бергенден кийин баарлашууну уланталы.

  • Кандай себептерден улам тайкеңиз менен сүйлөшпөйсүз?
  • Тайкеңиз сизди сындайбы же катуу баа береби?
  • Мамиле келишпейт дегенди сиз кандай түшүнөсүз?

Ой жүгүртүп көрүңүзчү: Эмне себептен сиз үй-бүлө мүчөлөрү менен “батышпай” жатасыз? Балким сизге үйдөгү климат жакпайт же сиздин кандайдыр бир айта албай жүргөн сөздөрүңүз барбы? Уруш жөн жерден пайда болбойт, ошондуктан келишпестиктин себебин билип алышыбыз керек. Редакцияга жоопторду жөнөтсөңүз, сизге жардам бергенге аракет кылабыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт