Тайкем тынчтык бербейт
2018.07.12, 11:26
956
Үйдө апам, карындашым, тайкем, эжем болуп чогуу жашайбыз. Алар менен эч эле тил табыша албайм. Үйүбүздө күндө ызы-чуу. Өзгөчө тайкем менен пикирим келишпейт. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.07.2018, 11:27
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, жашоодо ар кандай жагдайлар болот. Мен сизге суроолорду жөнөтөйүн, жооп бергенден кийин баарлашууну уланталы.
- Кандай себептерден улам тайкеңиз менен сүйлөшпөйсүз?
- Тайкеңиз сизди сындайбы же катуу баа береби?
- Мамиле келишпейт дегенди сиз кандай түшүнөсүз?
Ой жүгүртүп көрүңүзчү: Эмне себептен сиз үй-бүлө мүчөлөрү менен “батышпай” жатасыз? Балким сизге үйдөгү климат жакпайт же сиздин кандайдыр бир айта албай жүргөн сөздөрүңүз барбы? Уруш жөн жерден пайда болбойт, ошондуктан келишпестиктин себебин билип алышыбыз керек. Редакцияга жоопторду жөнөтсөңүз, сизге жардам бергенге аракет кылабыз.
0
Пайдалуу жооп