Жашоого тойдум
Быйыл 10-классты аяктадым. Түшүмдө жүргөндөймүн, жашоом туман. Эч нерсеге кызыкпайм. Бала кезимде кичинекей нерсеге сүйүнүп, ар бир күнүм көңүлдүү өтчү. Азыр болсо жашоого тойгон адамдай жүрөм. Психологиям бузулганбы же оорубу? Жардам бериңиздерчи.
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, сиз азыр өспүрүм убактасыз жана сиздин организмде көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатат. Өспүрүм убагында организмдеги гормондор активдүүлүк көрсөтүп сиздин маанайыңызга таасир этет. Эртең менен соонун маанай менен ойгонуп, чак түштө көңүлүңүз бузулуп, бирөө менен урушкуңуз келиши мүмкүн. Бул нерсенин баардыгы убактылуу.
Психологияңыз бузулду же ооруп калдыңыз деген нерседен алыспыз. Анткени ар бир адам жашоосунда ар кандай жагдайларга учурайт. Ошонун кесепетинен жашоого болгон кызыкчылыгы төмөндөшү ыктымал.
Ооба, туура айтасыз кичинекей кезде балдар кичинекей белекке кубанып, бактылуу болуп калышат, а чоңойгондо андай нерсеге көп деле маани бербейт. Балким сиздин келечегиңизге деген ой-толгоолоруңуз , кесип тандоого же кыз-жигит ортосундагы мамилеге тиешелүү чыгар.
Тереңирээк сүйлөшүү үчүн психологго, үй-бүлөлүк дарыгерге же мектептеги социалдык педагогго кайрылыңыз. Ийгилик!