Билимдүү жигит жубай издейт
30 жаштамын. Жогорку билимдин ээсимин. Өкүнүчтүүсү кесибим менен жумушка орношо элекмин. Бирок, эркекке тиешелүү баардык жумуштар колумдан келет. Айтайын дегеним жубай таба албай жүрөм. Канткенде тез арада үй-бүлө кура алам?
Тынчтыкбек Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн рахмат!
Үй-бүлө куруу адамдын жашоосундагы жоопкерчиликти талап кылган өтө маанилүү баскыч. Инсан качан гана башка адамдын өзгөчөлүгүн кабыл алууга, баарлашууга, башканын оюн угаа билүүгө, сыйлоого даяр болгондо үй-бүлө түзө алат. Сиз айтып кеткен эркекке тиешелүү иштерди аткаруу менен кыздардын көңүлүн алуу кыйын.
Үй-бүлө кура албай жатканыңыздын башка дагы себептери бардыр. Балким сиз үчүн үй-бүлө маанилүү эмес. Дүйнөдө миллиондогон адамдар жалгыз өмүр сүрүп келишет, бул табиятка каршы келбейт. Кээ бир адамдар жалгыз болуп жүргөндө өздөрүн ыңгайлуу сезип үй-бүлө курбайт. Ар бир инсан туруктуу үй-бүлө курууга ар кандай жашта даяр болот. Кээ бири 20 жашында, экинчилер 30-40 жашында. Эң негизгиси бул адамдын каалоосу менен болушу керек. Сизге ийгилик каалайм!