Апамдан үйдү кантип алам?
2018.07.11, 15:27
630
Үйүбүз апамдын атында. Апам мага өткөрүп берем деп жатат. Бирок азыр ал Россияда. Апам Кыргызстанга келбей туруп мага өткөрүп бере алабы? Кандай документтер керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.07.2018, 15:28
Мамлекеттик каттоо кызматы
Саламатсызбы! Апаңыз үйдү сизге өткөрүп бере турган болсо, төмөнкү документтер топтомун чогултуңуз:
- Ишеним кагаз;
- Ишеним тараптын паспорту;
- Үй-бүлөлүк абалы тууралуу арыз (ишеним кагаз менен нотариустан толтурулат);
- Үйүңүздөрдүн документи ( техникалык паспорт, жер бөлүп берүү боюнча токтом, соода-сатык келишими, мураска укуктуу экенин көрсөткөн күбөлүк, белек кылып берүү актысы ж.б. – оригиналдар);
- Сатып алуучунун паспорту;
Үйдү сизге каттоо Мамлекеттик каттоо кызматында жүргүзүлөт. Эгерде апаңыз Россиядан келе албаса, сизге ишеним катын жазып, нотариустан күбөлөндүрүп жиберип койсо болот.
0
Пайдалуу жооп