Жыныстык жашоомдо көйгөй бар
2018.07.10, 15:46
1507
Турмушка чыкканыма аз эле болду. Жыныстык катнаш учурунда жолдошумдун мүчөсү ичиме тие берет. Катуу оорутпайт, бирок ыңгайсыздык жаратат. Эртеси табарсыгым талып калат. Бул эмне себептен? Кантип арылам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.07.2018, 15:47
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, жыныстык катнашуудагы ыңгайсыздык тартынчаактыктан улам болот. Жыныстык катнаш маалында денеңизди бош койбой чыңалып аласыз. Табарсыгыңыздын талыгансып ооруганы ички жыныс органдарынын сезгенүүсүнөн. Жолдошуңуз менен биргеликте гинекологдон, урологдон жана сексологдон кеңеш алыңыз. Дарыгерге барууну эртелетиңиз.
0
Пайдалуу жооп