// //

Баланын бизге кереги жок

2018.07.10, 12:40
839

Сүйлөшкөн кызымдын эки жолу боюнда болду. Биринчисин 1 айлык, экинчисин 2 айлык кезинде дары менен түшүрдүк. Дарыгерге кайрылып жатынын тазалатканда, кийин балалуу боло алаарын айтыптыр. Дарыгер-гинекологдун айткан сөзүнө ишенсем болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
10.07.2018, 12:42

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Окурман, бойдон алдыруу ар бир аялдын өз эрки. Эки ирет түйүлдүктү түшүрүп салуу аялдын эле эмес анын жанындагы болочок атанын да үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча түшүнүгү жок экенин көрсөтүп турат. Кандай жол менен болсо да бойдон алдыруу ден-соолукка абдан зыян. Улам-улам алдыра бербей, бойго болтурбоочу каражаттарды колдонбойсуздарбы. Кийин балалуу боло алаарына жана албаарына сүйлөшкөн кызыңыз өзү жооп берет.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт