Жолдошум тынчтык бербейт
Кыздарымдын атасы 13 жыл мурун адам өлтүрүп соттолуп кеткен. Кийин түрмөдөн чыкканда бизге тынчтык берген жок. Азыркы учурда Нарындан мал уурдап изделүүдө жүрөт. Кызым 16 жашка чыккандыктан паспорт алууда көйгөйлөр болуп жатат. Ушул себептерден улам аталык укугунан ажыратайын дегем. Сотко, аймактык милицияга кайрылсам ачык эле акча сурашат. Эмне кылсам болот?
Назира Абдумуминова
Юрист
Урматтуу окурман, аталык укугунан бир гана сот аркылуу ажырата аласыз. Буга чейин соттолгонун, мал уурдап изделүүдө жүргөнүн далилдеген токтомдун көчүрмөсү менен арыз жазып, аталык укугунан ажыратуу үчүн сотко кайрылыңыз. Мындан тышкары сизди ур-токмокко алгандыгы, үйдү тоноп, уурдаганы жөнүндө арыз менен милицияга кайрылган болсоңуз, алардын көчүрмөсүн топтоңуз. Балдарыңызга тарбия берүүдө, багууда жардам бербегендигин кошуналар аркылуу далилдеп, арыздарыңызга кыстарыңыз. Булардын баары аталык укугунан ажыратууга мүмкүнчүлүк берет. Сот жана аймактык милицияга нааразычылык болсо, тартип комиссиясына билдирсеңиз болот!