98% эркек балдар мастурбация кылат
Күнүнө канча ирет маструбация кылса болот? Мастурбацияны адатка айлантуу ден-соолукка зыянбы же жокпу? Бул тууралуу уролог Нурбек Монолов төмөнкүлөрдү айтып берди.
Мастурбация – оргазм чакыруу максатында эрогендик зоналарды, жыныс органдарын жасалма жол менен дүүлүктүрүү.
Өспүрүм курактагы 98% эркек балдар мастурбация кылат. Бул нормалдуу көрүнүш. Мындай ыкма менен кумар алуунун ден-соолукка эч кандай зыяны жок. Эң башкысы өздүк гигиенаны сактоо керек.
Мастурбация учурундагы талаптар:
- Колдун таза болуусу;
- Ар кандай майларды колдонбоо;
- Ыңгайлуу шарт;
Ата-эне баласы кичинекей кезинде мүчөсүн түрсө, курсагынын төмөн жагын өпкүлөп, кытыгыласа, бала кайрадан жагымдуу сезимге ээ болуу үчүн жыныс мүчөсүн кармалай баштайт. Ошентип бул адатка айланат.
Мастурбация кылуунун себептери:
- Жыныс мүчөсүнүн кытышуусу;
- Тар ич кийим же шым;
- Ар кандай фильмдерди көрүү, аны туроо;
Кээ бир жаштар бир жумада бир жолу, айрымдары бир күндө эки ирээт жасалма жол аркылуу кумар алат. Ал эми өспүрүм жаңыдан мастурбация кыла баштаганда бат-баттан жасап турат. Бул адат жыныстык жактан толугу менен жетилип бүткөндө, жыныстык жашоо башталганда жоголот.
Мастурбацияны алдын алуу ыкмалары:
- Жууркандан колду чыгарып жатуу;
- Ойгонгондон кийин көпкө жатпай, дароо туруу;
- Тар ич кийим кийбөө;
- Күндө ич кийимди алмаштыруу;
- Спорт менен машыгуу;
- Сексуалдык сезимди козгоочу кинолордон, китептерден алыс болуу;
- Ачуу, туздуу тамакты, өтө кызыл чайды, кофены ченеми менен колдонуу;