Жолдошумду аталык укугунан ажыраттым
2018.07.07, 13:42
983
Мен 3 баланын апасымын. Жолдошум менен ажырашып кеткем. 2018-жылы соттун чечими менен жолдошум аталык укугунан ажыраган. Соттун чечими менин колумда. Балдарымды чет өлкөгө алып чыккым келсе жолдошуман уруксат кагазын алышым керекпи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.07.2018, 13:43
Назира Абдумуминова
Юрист
Урматтуу айым, эгерде күйөөңүз аталык укугунан ажыратылган болсо, анын эч кандай уруксатынын кереги жок. Ал ата-энеге тиешелүү болгон баардык укуктарынан соттун чечими менен ажыратылган. Кабатыр болбостон балдарыңызды чет өлкөгө алып кете берсеңиз болот. Жаныңызга соттун чечимин алып алыңыз. Ийгилик!
0
Пайдалуу жооп