Балага эчкинин сүтү зыянбы?
2018.07.07, 12:50
3927
Менин 4 айлык эгиз балдарым бар. Өзүмдүн сүтүмө тоюшпайт, кошумча эчкинин сүтүн беребиз. Эчкинин сүтүн майлуу дешет, күчтүү болуп калбайбы, же суу кошуп берсем болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.07.2018, 12:52
Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт
Урматтуу айым, эчкинин сүтүн балдарга кошумча азык катары 9 айдан кийин берүү сунушталат. Анда дагы суу менен 1:4 аралаштырып берилет. Азыркы учурда кошумча балага берүүгө мүмкүн болгон көптөгөн азыктар бар. Өзүңүздүн аймактык педиатрыңыз менен кеңешип туура келгенин берсеңиз жакшы болот. Бир жашка чейин балдарыңыз педиатрдын көзөмөлүндө болушу зарыл. Өз билемдик кылууга болбойт. Тезинен дарыгерге кайрылып, кеңеш алыңыз.
0
Пайдалуу жооп