Түйүлдүгүм түшүп калды
2018.07.06, 10:32
1175
Бир ай мурун боюмдан түшкөн. Он күндөн бери кан токтобой келип жатат. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.07.2018, 10:33
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу окурман, 10 күндөн бери кан келип үйдө олтурсаңыз сизди ден-соолук жаатында сабатсыз деп эсептейм. Түйүлдүк түшкөндөн кийин сөзсүз түрдө дарыгердин көзөмөлүнөн, УЗИден өтүү керек. Дарыгер жатындын тазалыгын көрүп, бир сыйра дарылашы абзел. Бойдон чала түшүп калса көпкө чейин кан келет. Кан көп келсе кан азайып, иммунитет начарлап кетет. Начар иммунитетке ар түрдүү оорулар жугат. Дарыгерге тезинен барып көрүнүңүз!
0
Пайдалуу жооп