Мен кыз бойдонмун
Мен кыз бойдонмун. Жигитим менен сыртынан (ичине киргизбей) кумар алдык. Уруктугу кирип кеткен жокпу? Эгерде кирип кетсе эмне болот?
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, кыз деп жыныстык катнашка барбаган кызды айтат. Сиздер кошулуп жаткан ыкманы "петинг" деп коёт. Петтинг - эрогендик зона аркылуу кумарлануу, өбүшүү, кучакташуу, сыйлоо аркылуу жүрөт. Бул учур маструбация менен жыныстык кошулуунун ортосунда болуучу нерсе. Эгер жигитиң менен петтинг кылып жаткан болсоң кош бойлуу болуп калуу жана инфекция жуктуруп алуу коркунучу бар. Менин сага кеңешим, жигитиңе турмушка чык же петтинг учурунда сактануу каражаттарын колдон!
Бойго бүтүрбөөчү каражаттар: https://bilesinbi.kg/article/135/