Исламда аялдын билим алуу укугу

2018.05.25, 15:33
1055

Билим алуу туурасында Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) «Илим алуу ар бир мусулман эркек жана аялга парз» деп айткан. Мындан илимдин канчалык маанилүү жана зарыл экенин түшүнүүгө болот.

Айрым эркектер аялдын билим алуу үчүн сыртка чыгышын каалабай, үйдө олтуруусун талап кылышат. Бул туурасында теолог Кадыр Маликов өз оюн билдирди.

“21 жаштамын. Былтыр турмушка чыккам. 1 кызыбыз бар. Балалуу болгонума байланыштуу университеттен жарым жылга уруксат алгам. Быйыл кызымды апама берип, окумду улантайын десем жолдошум каршы болуп жатат. Өзү намаз окуйт. “Аял киши үйдө олтурушу керек” деп эч жакка чыгарбайт. Динде аялдын билим алуу укугу каралганбы? Кийин кызымды дагы окутпай коебу деп корком.

Ар бир адам баласы ал эркек болсун, же аял болсун илим алууда эч кандай айырмачылыгы жок.  Эгерде аял билим алгысы келип, өзүн өркүндөтүүнү кааласа эркек бул нерсеге мүмкүнчүлүк бериши керек. Куранда “Билим алуу үчүн изденүү ар бир мусулмандын милдети” деп айтылган. Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в) “Билим кайда гана болбосун аны издегиле” деген. Демек, аял дагы билим алууга укуктуу. Болгону аял кечкисин сыртка чыгууну кааласа эркек кое бербей койгонго укугу бар. Бөтөн жерлерде, түнкүсүн аялдын жанында эркек коштоп жүрүшү абзел.

Эркек аялдын билим алуусуна эмне себептен каршы болуп жатканынын далилдер менен айтып берүүсү керек. Билим алууну шылтоолоп, пландаган убактысын башка нерселерге коротуп жүргөн аялдар дагы бар экенин унутпайлы.

Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт