Сиңдиме кантип жардам берем?
Апам кичинекейибизде каза болгон. Бир сиңдим бар. Атам башка аял алды. Убакыттын өтушү менен 3 балалуу болушту. Мен турмушка чыккам. Сиңдим азыр 9-класста окуйт. Аябай жүдөп кетти. Себеби өгөй энебиз ага күн көргөзбөйт. Атам болсо, бизге эч эле көңүл бурбай калган. Аялы бизди атама жамандай берип, бизден алыстатты. Сиңдим өзүн өлтүрүүгө чейин барган. Өгөй энеме айтайын десем, сиңдим “Айтпаңыз, сиз жокто мени кыйнайт” дейт. Кантип сиңдиме жардам бере алам?
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман, өгөй апаңыз сизге жана синдиңизге карата зомбулук жасап жатат. Мындай зомбулук аракеттерин эч качан жашырбоо керек. Биздин өлкөдө "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзам бар. Ал мыйзамга ылайык, сиздин сиңдиңизди мектептеги "Жаш өспүрүмдөрдүн иштери боюнча тескөөчү" же Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо органдары коргойт. Алар бир эле келип кетип калат деп коркпогула. Билдирүү жасагандан кийин, сиңдиңизди дайыма өз көзөмөлүнө алып, өгөй апаңызга карата иш-чараларды көрүшөт. Аны менен, атаңыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мыйзам сиздерди коргой тургандыгын түшүндүрөт. Буга бир эле милиция эмес, билим берүү, саламаттыкты сактоо органдары дагы көзөмөл кылышат. Сиңдиңиз өспүрүм кыз экен, психологдун жардамына муктаж. Жогорудагы тескөөчү ( ИДН) жана башка органдар психологго көрсөтүшөт. Сиз өзүңүз азамат кыз экенсиз. Кеңеш сурап кайрылганыңызга ыраазычылык билдиребиз. Зомбулукту эч качан жашырбагыла! Унчукпай жүрө берсеңиздер, сиңдиңиз кийин күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылышы мүмкүн. Ошондуктан жогорудагы органдарга дароо кайрылыңыз!