Жолдошум жүрөккө тийчү сөздөрдү көп айтат
Турмушка чыкканыма 1 жыл болду. Ортобузда 1 кызыбыз бар. Сүйлөшүп жүргөндө эле көп урушчубуз, азыр дагы пикирибиз келишпейт. Ажырашуу жолунда турам. Жолдошум жүрөккө тийчү сөздөрдү көп айтат, айткандарына маани бербей сүйлөй берет, корс мүнөз, үй-бүлөлүк маселеде дагы кеңешпейт. Кеңешип иш кылалы десем “кечке эле айта бересиң, дагы баштадыңбы” деп айткандарыма маани бербейт. Күйөөмдүн мүнөзү оңолобу? Ажырашып кетсемби?
Гүлбарчын Жумабаева
Никелер жана зомбулук боюнча эксперт
Урматтуу окурман, биздин мыйзамдарга ылайык ар бир адам жубайын эркин тандоо укугу бар. Сиз сүйүүнүн негизинде, өз эркиңиз менен баш кошкон экенсиз. Айтымыңызга караганда, жолдошуңуз тараптан кош көңүл мамилеге, психологиялык зомбулукка кабылып жаткандайсыз. Зомбулуктун мындай түрлөрү үчүн дагы администрациялык айып пул каралган, ал үчүн өзүңүз жашаган аймактагы милициянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылсаңыз болот. Болбосо, жолдошуңуз менен жай олтуруп, мындай мамиленин себебин тактап, ачык сүйлөшүп алыңыз. Бул улана берсе, ал физикалык зомбулукка айланып, кийин балдарыңыз дагы жабыркашы мүмкүн. Ар бир бала дени сак, ынтымактуу үй-бүлөдө чоңоюшу керек экенин билиңиз.