Май тамандар аскерге барса болобу?
2018.07.04, 10:35
1324
Мен аскерге барып ыйык милдетимди аткаргым келет. Бирок, май таманмын. Кээде көп басканда, чуркаганда бутум ооруп калат. Май таман болуп туруп аскерге баргандар барбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.07.2018, 10:36
Нуржанат Алмасбек уулу
аскерге кабыл алуу инспектору
Урматтуу жигит, сенин аскерге барып ыйык милдетимди аткарым деген ниетиң орундалсын. Май таман болуп туруп аскердик милдетин өтөгөн жигиттер бар. Эгер сенин таманың көп оорутпаса, дарыгердин уруксаты менен аскердик милдетиңди өтөсөң болот. Ийгилик каалайм!
0
Пайдалуу жооп