Эми жолдошума бала төрөп бере албайм
Мен ушунчалык кыйналып кеттим, жашагым келбейт. Кыскасы, алты жыл боюмда болбой жүрүп, кыз төрөп алдым. Кийин дагы боюмда болуп, сегиз айында ичимден чарчап калды. Жыйынтыгында маткамды алып салышты. Эмне кылаарымды билбейм, өлгүм келет. Бир гана кызым, күйөөм деп жашап келем. Бирок бир күнү күйөөм мени таштап кетеби деп корком. Мага анын өзгөргөнү сезилип жатат. Баары бир эркекке тукум керек да. Жолдошум “таштабайм” деп сөз берген. Бирок корком, күндө ыйлайм. Ал алыс жерде иштейт, телефонун албай койсо эле бүттү жаман ойлоп, өзүмдү бул дүйнөдө ашыкча сезе баштайм. Сиздерден кеңеш күтөм.
Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, дайыма нике эки жол менен аяктайт - же ажырашуу же же жесир калуу. Ар бир адамды эмне күтүп турганын эч ким билбейт. Эч нерседен коркпоңуз. Кандай болсо дагы, сизде үй-бүлө болот-сиз жана кызыңыз! Кудайга ыраазымын, сизге кызыңыздай болгон бакытты берди, аборт учурунда тирүү калдыңыз. Кызыңызды өстүрүп, эч нерседен кабатыр болбоңуз. Анткени, эмнеден корксоң, ошол нерсе болот деген нерсе бар! Жыргап жашаңыз, кызыңыз менен бирге кубаныңыз, спорт менен машыгыңыз, саякаттаңыз, эмнеге кызыксаңыз ошол нерсе менен алек болуңуз, иштеңиз, бизнес ачыңыз, издениңиз, күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүңүз! Материалдык мүмкүнчүлүгүңүз уруксат берген баардык нерсени кылыңыз. Же болбосо алдыңызга кыялыңызга жетүү үчүн керек болгон акчаны табуу максатын коюңуз. Бул жашоо керемет! Бактылуу болуңуз!