// //

Күйөөм "кет" дей берет

2018.06.29, 11:55
1235

Күйөөм, урушуп кетсек эле “жообуңду бердим, кет” дей берет. Көп жолу ушинтип айткан. Элдешкенде “ачуум менен айтып алдым” деп коет. Талак түштүбү же жокпу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
29.06.2018, 11:55

Улан Усупов 

Теолог

Талак менен байланыштуу маселеде Учкун мечитинин имамы, аалым Молдо Сабыр устазга, же болбосо азирети муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев устазга, же Чубак ажы Жалиловго жолугуп, фатва, башкача айтканда бул маселе боюнча диний өкүм кандай болорун сурап билип алсаңыздар жана аны аткарсаңыздар жакшы болот. Жолдошуңуз экөөңүздөр чогуу барышыңыздар керек. Талак маселесинде аалым менен бетме-бет жолугушуп, окуяны төкпөй-чачпай ага айтып берип, берген суроолоруна жооп беришиңиздер зарыл. Жолдошуңузду аалымдын алдына тезирээк жетелеп барыңыз. Анткени, талак түшкөн болсо, никеңер ажырап, чогуу жашооңор арам болуп калат. Ошондуктан, эртерээк мен жогоруда айткан аалымдардын бирине жолугуп, талак түшүп түшпөгөнүн тактап алгыла. Түшкөн болсо эмне кылышыңар керегин алар айтып берет. Сиздерге ынтымак жана жакшылык каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт