Күйөөмдү да, жигитимди да сүйөм
Сүйлөшкөн кызым мени катуу сүйөт. Мен андан кээде шектене берем. Буга социалдык тармактардагы: "Күйөмдү сүйөм, жигитимди дагы сүйөм!”, “Башка бирөө менен жатып жүрөм, байкуш жигитим билбейт" - деген билдирүүлөр себеп. Балким кызым дагы билгизбей ошентип жүрсөчү деген ой келе берет. Бирок, ал кыз бойдон, жаман эркектерге жоолугуп калабы деп да корком. Мага бир сунуш бересиздерби!
Тынчтык Бакытов
Психолог
Урматтуу окурман, сурооңуз үчүн рахмат!
Сиз сүйгөн адамыңыз менен ишеним аркылуу мамиле түзгөнүңүз туура болот. Шектенип жатсаңыз ал жөнүндө сүйгөн адамыңыз менен талкуулаңыз. Менин түшүнгөнүм боюнча, сиз социалдык тармактардагы маалыматтарды окуп эле жыйынтык жасап жатасыз, далилдериңиз жок. Сый жана туруктуу мамиле түзүү үчүн ишеним керек. Ар дайым сүйлөшүп, ойлороңуз менен бөлүшүү зарыл.