Эгерде жумушчулар жумуш берүүчү тараптан кандайдыр бир мыйзамсыз иш аракеттерди көрсө, алсак, эмгек режими бузулса, айлык маянасын ала албаса, жумуш учурунда жаракат алса, анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук инспекциясынын астындагы Эмгекти коргоо жана эмгектик мамилелер башкармалыгына арыз менен кайрылса болот. Ошол жерден жумуш маселелерин чечип, айып же административдик жаза беришет. Дареги: Бишкек шаары, Ахунбаева көчөсү 119, +996 (312) 56-30-27
Инимдин акчасын бербей жатышат
2018.06.28, 14:43
852
Иним 16 жашта. Дос балдары менен көлдөгү пансионаттын бирине иштейм деп кетип калыптыр. Өкүнүчтүүсү, кожоюну айлык маяналарын бербей жатыптыр. Эмне кылсак болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.