Биринчи турмушуман жаңылдым
2018.06.28, 12:35
1767
21 жаштамын. Колумдан көп иштер келбейт, ушунчалык алсызмын. Жалкоомун, план коюп жашаганды билбейм. Көп ыйлайм. Турмушумдан да жаңылдым. Эч нерсеге көңүлүм жок тунгуюкта калгандаймын. Канткенде бул абалдан чыга алам?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.06.2018, 12:37
Айгүл Ысыкеева
Психолог
Урматтуу окурман, сиз жашооңуздан жаңылып калганыңыз үчүн психологиялык жактан жабыркап калдыңыз. Психолог менен биргеликте иш алып барганыңыз жакшы. План коюп жашай албоо жоопкерчиликсиздиктен. Буга үйрөнүү керек. Ыйлайсыз, себеби ызалуусуз. Кимге болгон, эмне болгон ыза, ал кайдан пайда болду, мына ушунун баарын тактап изилдеңиз. Психологго кайрылып кеңеш алганыңыз жакшы!
0
Пайдалуу жооп