Кайын иним үйсүз калды
Кайын инимдин ата-энеси кичинекей кезинде ажырашып кетишкен. Чоң энеси багып чоңойтту. Атасы бир дагы жолу каралашкан эмес. 8-классты окуп жүргөндө чоң энеси каза болот. Кайын инимди жашап жаткан үйүнө мураскор кылып калтырам дечү экен. Учурда 22 жашта, үй-бүлөлү, бир баласы бар. Эки жылдан бери атасынын агасы кайын инимден үйдү талашып келет. Канткенде үйдү ала алышат?
Назира Абдумуминова
Юрист
Мураска кичүү баласы гана ээ болот деген нерсе жок. Мыйзам боюнча бардык балдар ээлик кыла алат. Биринчи ким мураскор экендигин жана үй кимге катталганын билүү керек. Эгер агасы үйдү өзүнө каттатып алган болсо, 3 жыл аралыгында даттанууга укугу бар. Чоң энесинин мураскор кылам деп айтканы документ түрүндө калтырылганбы же жокпу нотариустан сурап көрүү зарыл. Мүмкүн сиздерде чон энебиз бул нотариуска барышы мүмкүн деген божомолдор бар.