Өгөй энем сиңдиме күн көрсөтпөйт
Апам кичинекейибизде каза болгон. Бир сиңдим бар. Атама башка аял алды, убакыттын өтушү менен 3 балалуу болушту. Мен турмушка чыккам Сиңдим азыр 9-класста окуйт. Аябай жүдөп кетти, өгөй энебиз ага күн көргөзбөйт. Атам болсо, бизге такыр эле көңүл бурбай калган. Аялы бизди атама жамандай берип, бизден алыстатты. Сиңдим өзүн өлтүрүүгө чейин барган. Өгөй энеме айтайын десем, сиңдим “Айтпаңыз, сиз жокто мени кыйнайт” дейт. Эмне кылсам болот, кантип сиңдиме жардам берем?
Айгүл Камалова
Балдарды эрте курактан өнүктүрүү боюнча эксперт
Урматтуу окурман, сиздин сиңдиңизге психологдун жардамы керек болуп жаткан учур экен. Бишкекте "Балдар укугун коргоо лигасы" деген уюм бар. Ал жерден сиздин сиңдиңизге жардам көрсөтүшөт. Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 93, телефон номери: 0312 66 25 87, 90 86 18. Эгер сиз башка аймакта болсоңуз, телефон аркылуу кайрылып көрүңүз. Сизге пайдалуу кеңештерди айтып беришет. Создуктурбастан, тезинен кайрылыңыз.