Жигитим "кыз эмессиң" дейт
2018.06.26, 10:59
5288
Мен жакында эле жигитим менен кошулуп койдум. Биринчи жыныстык катнашым болду жана кан көп кетти. Кандын акканына карабай 2-3 жолу киргизип алса “разрыв уздечки” болуптур. Кийин жигитим “сенин кыз экениң билинбеди” деди. Кыздыкты алганда көп кан агабы? Кантип балдар кыз экенин билишет?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.06.2018, 11:03
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, кыздыктан аккан кандын көлөмү ар бир кызда ар түрдүү болот. Биринен билинер-билинбес кан келсе, кээ бирлеринен көп агып, айрымдарынан такыр эле кан чыкпашы мүмкүн. Эркектер кыздын кыз экенин кандын агышынан, кынынан сезиши мүмкүн.
0
Пайдалуу жооп