"Унааңар бар" деп жөлөк пул бербей койду
Кайын ата, кайын энемдин колунда турабыз. Күйөөм тиш дарыгер болуп иштечү, жумуштан чыкканына бир жыл болду. Экөөбүздүн тең жумушубуз жок. Кайын атамдын унаасы бар. Жөлөк пул алалы дегенбиз. Кошунам “унааңар бар болсо жөлөк пул берилбейт” деди. Унаа кайын атамдын наамында.
Мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын кызматкери Айкөл Турганбаева
Урматтуу айым, мурун “Үй-бүлөлүк көмөк” жөлөк пулун берүүдө үй-бүлө кирешесинин жыйындысына кары-картаңдарынын пенсиялары кошулуп, эсепке алынчу. 1-июлдан тарта улгайган адамдардын жаш кезинде иштеп тапкан акчалары, мүлктөрү өздөрү үчүн гана жумшалат. Үй-бүлөнүн кирешесине кирбейт! Андыктан кабатыр болбой, жөлөк пулга документ тапшыра берсеңиз болот. Эгерде документ тапшырып жатканда, унааңар бар экен деп айтышса Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына кат жазыңыздар же 0312 66 01 07 номерине байланышыңыздар.