Аталык укугунан ажыратам
2015-жылы жолдошум жаңы төрөлгөн кызым экөөбүздү төркүнүмө калтырып, Россияга иштегени кеткен. Көп убакыт өтпөй кайра келип алды. Буга чейин көп жолу ажырашып, жарашканбыз. Кыргызстанга келгенде "жашабайм" деп айттым. Ал аркабыздан келген жок. Кызынын акыбалын сурап, жардам да берген эмес. Экөөбүздө байланыш үзүлгөнүнө быйыл үч жарым жыл болот. Нике күбөлүгүбүз бар, закондуу түрдө ажырашууга менин шартым болгон жок. Эми сотко кайрылсам тез эле ажыраштырабы жана аталык укуктан ажырата аламбы? Кандай жолдору бар, каякка кайрылам?
Назира Абдумуминова
Юрист
Урматтуу айым, ажырашуу үчүн сотко арыз менен кайрылыңыз. Эгер жолдошуңуз бир, эки жолу сотко келбесе, убактысы узартылат, андан кийин сырттан ажыраштырат. Жолдошуңузду аталык милдеттен ажыратуу оңой эмес. Баланы тарбиялоодо көмөк көрсөтпөгөндүгүн далилдешиңиз керек. Сиз буга чейин алимент төлөтпөптүрсүз. Ажырашуу учурунда алимент кырктырып берүүнү сураңыз. Эгер алиментти төлөбөсө, аталык укуктан ажыратуу жөнүндө маселе менен сотко кайрылыңыз.
Саламатсызбы! Мен аталык укуктан ажыратуу боюнча сотко кайрылдым. 4 жолу сотубуз болду. Алимент 1 жылдан бери толоно элек. Процесс дагы жылдырылды. Эмне кылышым керек? Кайра-кайра жылдырып атат. Атасы Аталык укуктан баш тартпайм деди бирок алимент толтнбогон. Эмне кылсам болот?