// //

Күйөөмдүн туулган күнүндө төрөгүм келет

2018.06.22, 10:43
3227

Менин боюмда бар. Дарыгерлер 9-октябрда төрөйсүң дешти. 29-сентябрда күйөөмдүн туулган күнү болмок. Ошого байланыштуу төрөттү чакыруучу ийне сайдырып төрөсөм болобу же балага зыянбы? Жолдошума белек болсун дегем.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.06.2018, 10:44

Гүлзина Мадраимова

Акушер-гинеколог

Кымбаттуум, 9-октябрга мөөнөт берсе андан да эрте төрөп коюшуң мүмкүн. Баары баланын ичте чоңоюшунан көз каранды. Берген мөөнөттөн эки жума эрте же кеч төрөө-бул норма. Чакыруучу ийне сайдырып төрөөнүн зарылчылыгы жок. Азыркы убакта төрөө процессине аралашканга болбойт. Биринчиден ар бир адамдын өзүнүн туулган күнү болгону жакшы. Сиз күйөөңүздүн туулган күнү менен балаңыздыкын бир күндө болуусун каалаганыңыз мене, бала ичте толук жетиле элек болсо, өпкөсү жакшы өрчүбөй калат дагы, төрөлгөндөн кийин чоңоюшу кыйын болот. Андыктан кереги жок деп ойлойм.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт