Кыздар велосипед тепкенге болбойбу?
2018.06.22, 09:17
2401
Мектептен алыс жашаганыма байланыштуу сабакка велосипед менен барчумун. Акыркы күндөрү кыздык белгим ачылып калгандай туюлуп жатат. Эмне кылуу керек?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.06.2018, 09:30
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Кызым, сен кыздык жөнүндө коркпой эле кой. Кыз деп кимди айтат билесиңби, жыныстык катнашта болбогон, өзүн жакшы алып жүргөн кызды айтат. Велосипедден жыгылып, жаракат болгон болсо, анда ал кокустук деп эсептелет. Сен кыздык жөнүндө толук маалымат алашың керек. Мисалы үчүн ал эмне, кайсы жерде жайгашкан, канткенде кан чыгат деген суроолорун билишиң зарыл. Андыктан сен гинекологго кайрылып, текшертип билип алсаң болот.
0
Пайдалуу жооп