// //

Балдарга оюнчукту туура тандайбыз

2018.05.22, 09:35
4869

Туура тарбия берүүнүн бир бөлүгү туура оюнчук тандап берүү. Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча эксперт Айгүл Камалова оюнчукту туура тандоо жана аларга кам көрүү боюнча айтып берди.

Оюнчук тандоодо эмнелерди билүү керек?

  • Балага оюнчук тандап жатканда сөзсүз түрдө жаш өзгөчөлүгүн эске алыңыз.
  • Алгачкы 6 айында оюнчуктары ачык түстүү жана түрдүү үндөрдү чыгарган болсун.
  • Катуу үн чыгарган оюнчуктар баланын психикасына терс таасирин тийгизет.
  • Бөбөктөр бардык нерсени даамдап жана кармап көрүү аркылуу дүйнө тааныйт. Андыктан ымыркай балага майда, моторикасын өнүктүрүүчү оюнчуктарды алып бериңиз.
  • Ар түрдүү (материал, көлөмү, калыптары) 5-6 оюнчугу болсо жетиштүү .
  • Оюнчук алып жатканда кызга, балага деп ажыратпаңыз.

Көпчүлүк ата-энелер баласынын сүйүктүү оюнчугу жоголуп кетсе “эч нерсе болбойт” деп кагып-силкип коет. Бул туура эмес. Себеби баланын инсандык сапаттары, айлана-чөйрөгө болгон сезимдери оюнчук аркылуу калыптанат. Эгерде балаңыздын жакшы көргөн оюнчугу бар болсо, боорукер, ал эми “эч нерсе болбойт” дегенди уккан бала каардуу, мерез, ырайымсыз болуп чоңоет.

Оюнчук тандоону үйрөнөбүз

  • Оюнчук кандай затдан жасалганы өтө маанилүү. Алып жатканда баланын ден-соолугуна коркунуч келтирбейби, жакшылап караңыз.
  • Табигый материалдан жасалган оюнчуктарга басым жасаңыз.
  • Кымбат оюнчук сапаттуу деген ойдон алыс болуп, оюнчуктун баланын эмоциялык, социалдык жана акыл-эстик өнүгүүсүнө тийгизе турган таасирине көңүл буруңуз.
  • Апасы менен чогуу тиккен куурчак, кымбат, көйнөгү кооз оюнчукка караганда алда канча баалуу экенин билиңиз.
  • Оюнчук тандоого баланы сөзсүз түрдө катыштырыңыз. Каалоосун бала менен чогуу анализдеп, тыюунун себептерин түшүндүрүп, андан соң оюнчук алып бериңиз.
  • Окшош оюнчуктарга караганда түрдүү оюнчуктун пайдасы көп. Алсак, өңү жана көлөмү менен айырмаланган беш машина алып бергенден көрө, бала менен чогуу ойной турган пазл, шахмат же болбосо чатыр сатып алыңыз.

Кандай оюнчуктарды алып бербөө керек?

  • Жашына дал келбеген.
  • Зыяндуу заттардан жасалган.
  • Баланын өнүгүүсүнө, психикалык абалына терс таасирин тийгизген.
  • Агрессивдүү маанайдагы оюнчуктар балага зомбулукту норма катары кабыл алууга үйрөтөт.

Бала агрессивдүү оюнчук алып берүүнү талап кылган учурда, анын терс жактарын эмес, оң тарабын түшүндүрүп бериңиз. Мисалы, супермен сыяктуу каармандарды “бандиттер” менен күрөшөт деп айтпастан, коргоочу деп түшүндүрүп койсо болот.

Оюнчукка кам көрүү

  • Оюнчуктарды самын менен жууп, таза чайкап, абдан жакшы кургатуу керек.
  • Дарыгер сунуштаган гана дезинфекциялоочу каражаттарды пайдаланыңыз.
  • Бала оюнчуктарына кам көрүүгө өзү катышса, ошончолук анын баалуулугу өсөт.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт