Балдарым тентек
Мен эки уул, эки кыздын апасымын. Уулдарым абдан тентек жана эрке. Атабыз аябай эркелетип ойлору менен болот. Уулдарыма жай түшүндүрсөм дагы каттуу айтсам дагы угушпайт. Айрыкча 8 жаштагы улуу балам. Чыбыкты алганда гана унчукпай калат. Урушпай жай түшүндүргүм келет. Катуу урушуп жүрөгүн оорутуп албайын дейм. Кантип туура түшүндүрсөм болот?
Айгүл Камалова
Балдарды эрте куракта өнүктүрүү бонча эксперт
Сиздин катуу урушуп, жүрөгүн оорутуп алам деген тынчсызданууңуз өтө туура. Себеби зордук-зомбулукка учураган бала өзүнөн алсыздарга ошондой мамиле жасап калат. Мындайча айтканда коргонуч кылат.
Ал эми оюу менен болуу жана эркелетүү булар эки башка нерселер. Оюндагыны жасоо баш аламандыкка алып келишм мүмкүн. Жолдошуңуз менен балдар жокто тарбияны бир багытта жүргүзүү жөнүндө сүйлөшүп алыңыздар. Балдарыңыз менен чогуу эрежелерди талкуулап, кабыл алыңыз дагы, өзүңүз дагы аларды сактаңыз.
Улуу балаңызга жардамчы катары мамиле кылыңыз. Ага бөбөктөрүнө үлгү болуп берүүнү сунуштаңыз. Бөбөктөрүнүн көзүнчө балаңызды эч качан жазалабаңыз. Балдарыңыздын энергиясын оң нукка бурганга аракеттениңиз. Бош убакытты сөзсүз түрдө чогуу өткөргөнгө аракеттениңиз.
Чоңдордун көңүл буруусу жетишсиз болсо, керектөөлөрүнө жетпей жатса, баш аламандык болгон учурларда балдардын көйгөйлүү журум-туруму пайда болот. Балдарыңыздын жана өзүңүздүн жүрүмүңүздү кылдаттык менен анализдеңиз. Себеби өтө жөнөкөй эле болуп калышы мүмкүн. Дагы бир маанилүү нерсе, балдарыңыз сизди капалантып жатканын сезиши керек. Бирок, ачуулуу эмоцияларга алдырып "сени бала кылбайм", " тажаттыңар", "сендей балам жок" деген сөздөрдү эч убакта айтпаганга аракеттениңиз.