// //

Мыкты алып баруучу болгум келет

2018.06.20, 15:40
1590

Мыкты алып баруучу болгум келет. Кеңеш бериңиздерчи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.06.2018, 16:07

Айзада Жамгырчиева

Алып баруучу 

Сизде алып баруучулук жөндөм жана кандайдыр бир өзгөчөлүк бар болсо жогорку окуу жайдан журналистика билимин алыңыз. Бирок биздин практикада журналисттик билими жок эле мыкты алып баруучу болуп жүргөндөр да кездешет. Бул ар бир адамдын жеке тандоосу. Алып баруучу деген жагымдуу үнгө, келбетке, өзгөчө дене түзүлүшкө ээ болушу керек. Ал эми мыкты алып баруучу болушуңуз үчүн талыкпаган эмгек жана аракет керектелет. Сүйлөгөндөн тышкары, адамдар менен тил табышууну, мамиле түзө билүүнү үйрөнүңүз. Сиз жакшы сүйлөп, бирок элдер менен мамиле түзө албасаңыз өсө албайсыз. Кыргызда “Жалгыз дарак токой болбойт” деген жакшы сөз бар. Ар тармактуу болуңуз. Сөз байлыгыңызды экинчи мугалимибиз болгон китептен окуп, байытып алыңыз. Китеп окуунун негизинде жаңы сөз, жаңы идеяга ээ болосуз. Сизге китепти көп окууну сунуштайм. Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт