Эжем үйүбүздү алып койду
Менин чоң атам менен чоң энем 1970-жылдары үй сатып алышкан. Экөөнүн бир кыз, бир уулу бар эле. Бир канча жыл мурун уулу, тактап айтканда менин атам көз жумду. Анан атамдын эжеси үйдү шашылыш түрдө өз атына каттатып алды. Эмнеге экенин айтпайт. Салт боюнча үй мага калышы керек болчу. Бирок андай болбоду. Мен ал эжем менен мамилем жакшы. Сурайын дегеним, эгерде эжем чынында үйдү бербейм десе сотко кайрылып 50% ын өндүрө аламбы?
Назира Абдумуминова
Юрист
Ата-эненин өлүмүнөн кийин алардын балдары мураскор болуп калат. Өлгөндөн жарым жыл өткөндөн кийин мүлктү мурастоого укук ачылат. Нотариус балдарды мураскор катары таанышы керек эле, эжеңиз үйдү мурастоого укугу жок болчу. Атаңыз каза болгон күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин, мураскор катары балдары таанылат. Эгерде сиз бул мөөнөттү өткөрүп жиберген болбосоңуз, атаңыз акыркы жашаган жериндеги (катталган) нотариуска кайрылып, өзүңүздү мураскору катары тааныта аласыз. Нотариус сиздин эжеңизди мураскорлуктан алып салышы керек, себеби ал мураска биринчи талапкер боло албайт. Эжеңиз нотариусту адаштырып, каза болгон атаңыздын балдары жок экенин айтып, үйдү өзүнө каттатып алган. Себеби каза болгон адамдын балдары тактап айтканда, биринчи кезектеги мураскорлору жок болсо, мурастоо укугун экинчи кезектеги мураскорлору алат.