ЖРТдан упайым аз болуп калды
2018.06.19, 09:56
831
ЖРТдан орточо упайдан өтүпмүн, бирок кошумча тандоодогу тарых жана англис тилим сабактарымдын упайы жетпей калыптыр. Кайсы адистикке тапшырсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.06.2018, 09:57
КР Билим берүү жана илим министрлиги
Урматтуу бүтүрүүчү, негизги тесттин жыйынтыгы менен гана тапшыра турчу даярдоо багыттары менен адистиктердин тизмесин айта кетели:
- Гидрометеорология
- Жер кыртышын таануу
- Экология жана жаратылыш колдонуу
- Философия
- Политология
- Психология
- Жарнама жана коом менен байланыш
- Немис тили
- Филология
- Лингвистика
- Компьютердик лингвистика
- Теология
- Маданият таануу
- Социология
- Кесиптик билим
- Китепкана жана документ таануу
- Музеология
- Агрохимия жана агрожер кыртышын изилдөө
- Агрономия
- Зоотехния
- Ветеринария
- Агроинженерия
- Айыл-чарба
- Балык чарбачылыгы
- Геодезия жана дистанциондук байкаштыруу
- Тоо-кен жумуш
- Нефт-газдык жумуш
- Токой чарбачылыгы
- Курулуш
0
Пайдалуу жооп