Үй-бүлө кургандан корком
2018.06.19, 09:48
1158
Мен 21 жаштамын. Ден-соолугум чың, бирок үй-бүлө кургандан корком. Себеби жыныстык мүчөм кичинекей, балалуу болбой каламбы деп ойлоном. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.06.2018, 09:49
Канат Казымбеков
Уролог
Урматтуу мырза, сиз жыныс мүчөңүздүн өлчөмүн так жазып бербептирсиз. Эгерде эрекция болбой, кадимки калыпта турганда 10 см болсо нормалдуу эле болуп саналат. Себеби эрекция учурунда жыныстык мүчө эки эсеге узарат. Эгерде жыныстык мүчө эрекция учурунда 6-8 см болсо, кичинекей мүчө деп айтып, текшерүүгө алабыз. 8 см жогору нормалдуу. Ошондой эле жыныс мүчөнүн өлчөмү балалуу болууга эч кандай таасирин тийгизбейт, айымдар үчүн дагы бул маанилүү эмес. Андыктан бекер эле кабатыр болуп жатасыз.
0
Пайдалуу жооп