Жигитим алдап кетти
Мектепте окуп жүргөндө өзүмдөн улуу жигитим бар болчу. Мени абдан жакшы көрчү. Ал кезде жашсың деп үйдөгүлөр мамилебизге каршы эле. Кийин шаарга келип, окууга тапшырдым. Аны унутуп жаңы жашоо баштайын деп өзүм курактуу бала менен сүйлөшө баштадым. Кийин ал айылда сүйлөшкөн жигитим тууралуу угуп “кыз эмессиң, өзүм текшерем” деп ургулап, күч менен кыздыгымды алып койду. Мунун баарын айылдагы сүйлөшкөнүм билчү. Ошол убакта мени колдоп, кеңешин берип жүрдү. Ал мага сөйкө салып алып кетээрин, нике түндө туугандар сөз кылбашы үчүн кыздыгымды тиктирип берээрин айтат. Ошол балага турмушка чыга берсемби?
Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, сиздин окуяңызды угуп олтуруп, менде бир топ суроолор жаралды. Эгерде сиз менин кабылдама келсеңиз, баарын тактап, окуянын чоо жайын аныктайт элек. Сиздин баяндооңуз боюнча айта турган болсом, кыздыкты жигит билбегендей кылып калыбына келтирет. Эгерде жигит ар кандай себептерден улам сиздин кыз эмес экениңизди билип калса, анда гименопластиканы жасоонун мааниси жок. Туугандар эмне дейт десеңиз, аларга кан тамган шейшепти көргөзүп коюу жетиштүү. Жакшылап ойлонуңуз, баары өз колуңузда. Сизге ийгилик каалайм.