Милиция укугумду буздубу?
Бишкек шаарындагы сейилбактардын биринде жүрсөм, милиция кызматкерлери келип “бул жакта жүргөнгө болбойт” деп сумкамды текшерип, документ талап кылды. Каршылык көрсөтсөм “биз бул жакта нөөмөтчүбүз” деп документтерин көрсөттү. Алардын жасаган иши туурабы?
Нурислам Раимжанов
Юрист
Урматтуу окурман, милиция кызматкерлери ал жакта чындап эле нөөмөтчү болуп жүрсө, сиздин документтерди текшергенге укугу бар. Бирок, сумкаңызды күбөлөрдүн катышуусу жок текшерүүгө укуктуу эмес. Сумка сиздин жеке буюмуңуз. Текшергенден кийин же текшерүү маалында протокол түзүп, күбөлөргө кол койдуруусу керек. Сиз милиция кызматкерлеринин аракетине нааразы болсоңуз, прокуратура органдарына кайрылыңыз. Эгер чындап мыйзамсыз аракеттерди жасаса, аларга чаралар көрүлөт.