Жигитим менен кошулдум
Жигитим менен кошулгандан кийин кан чыкан жок. Кызыгы мурун эч ким менен болгон эмесмин, мастурбация дагы кылбагам. Мурун айылда окуп жүргөнүмдө, бизди гинеколог текшергенде баары жайында эле. Эмнеге кан чыкан жок, түшүнбөй жатам.
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Биринчиден кыздык белги баарында эле боло бербейт. Статистикага таянсак ар бир бешинчи же ар бир үчүнчү кыздын бирөөсүндө кан чыкпайт. Муну биздин кыргыз эркектери түшүнө бербейт. 30 жылдан бери кыздарды карап жүрүп, мен бул белги туралуу көп нерселерди биле алдым. Ошон үчүн мен көп кыздарга турмушка чыгып алып ыза болбой, эртең күйөгө тийем дегенде гинекологго текшерилип кеткиле деп айтам.
Бул шилтемеден кененирээк маалымат алсаңыз болот: https://bilesinbi.kg/article/124/