Кызымдын оорусу санага салат
2018.06.13, 11:50
1098
Кызым 4 жашта. Төрөлгөнүнө бир ай болгондо ич катуунун айынан арткы тешигинде жарылуу болгон. Балдар дарыгери май дары, шам, ванна сунуштаган. Бирок жардамын берген жок. Эмне кылсам болот? Башка өлкөгө дарылоого алып барайынбы?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.06.2018, 12:11
Гүлзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Урматтуу айым, биздин балдар хирург проктологуна акыркы жолу качан кайрылгансыз? Эгер сиз дарыгерге убагында кайрылып, төрт жылдан бери кызыңыз айыкпаса, башка оперативдик жол менен дарылоону сунушташ керек эле. Кызыңызга дарыгерлер жардам бере албаса алар өздөрү башка өлкөгө жоболдомо жазып берет. Менин сизге сунушум: Бишкек шаарындагы ооруканаларга дагы бир ирээт кайрылып көрүңүз.
0
Пайдалуу жооп