Жигиттер мени таштап кетишет
2018.06.11, 10:21
1910
Эмне себептен жигиттер менен мамилем көпкө созулбайт? Кыз-жигит болуп сүйлөшөбүз. Бирок мамилебиз бат эле токтоп калат. Башка кыз таап мени таштап кетишет. Эмнегедир дайыма ушундай.
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.06.2018, 10:22
Тынчтык Бакытов
Психолог
Урматтуу айым, сиз билгендей, мамиле курууда же кыз-жигит болуп сүйлөшүүдө ар бир инсандын тандоого укугу бар. Башка адамды таңуулап, кыйноо менен мамиледе болуу туура эмес көрүнүш. Сиздин суроого ыкчам түрдө жооп берүү үчүн менде маалымат аз болууда.
Менден сизге суроолор:
- Мамиле бат эле токтоп калат дегенде сиз канча убакытты айтып жатасыз? Канча күн, ай, жыл?
- Жигиттер менен мамилеңиз токтогонун кантип түшүнөсүз? Алар сизге өздөрү айтышабы же сиз өзүңүз ой-жүгүртүп чечим чыгарасызбы?
- Кыз-жигит болуп жүргөндө өзүңүздү кандай алып жүрөсүз? Кызганасызбы же сизди көбүрөөк кызганышабы?
- Өзүңүз кандай ойлойсуз: эмне үчүн мамилелериңиз көпкө созулбайт?
Ар дайым сиздин суроолоруңузга жооп бергенге даярмын!
0
Пайдалуу жооп