// //

Аялым жаман

2018.06.08, 10:06
1145

Аялым экөөбүздүн ортобузда бир кызыбыз бар. Жакында ортобузда пикир келишпестик пайда болуп, кайын энем келип, кызым менен аялымды алып кетип калды. Чынында аялым жакшы эмес, кызым үчүн гана жашап жүрөм. Эмне кылсам, ажырашсамбы? Аялымды кантип жакшы жолго салам?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.06.2018, 11:51

Тынчтык Бакытов

Психолог

Урматтуу мырза, үй-бүлөгө тиешелүү чечимди кабыл алуу абдан кылдаттыкты талап кылат. Ажырашуу бул үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрүнө таасир эте турган процесс. Үй-бүлө болгондон кийин сиз өзүңүздүн өмүрлүк жарыңыз менен бирге олтуруп баардык агрессияны, жиндин келүүсүн токтотуп, диалог түзгөнгө аракет жасасаңыз жакшы болот. Аялыңыздын дагы оюн угуп көрүңүз. Түшүнүп турам пикир келишпестиктен улам сиз абдан кыжалат болуп жатасыз. Бирок чыныгы туура чечимди чыгарыш үчүн эмоцияларды суутуш керек.

Менин суроолорум:

  • “Аялым жакшы эмес” дегенди кандай критерийлерге таянып айтып жатасыз?
  • Өмүрлүк жарыңыз менен чогуу сүйлөшүп көрдүңүзбү?
  • Кайын энеңиз кандай себептерден улам алып кетти?
  • Сиз физикалык күч колдонгонсузбу?
  • Өзүңүз аялыңыздын талаптарына канчалык денгээлде жооп бере аласыз?
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт