Таз болуп каламбы?
2018.06.07, 16:00
1036
23 жаштамын. Чачым күндөн-күнгө суюлуп баратат. Кандай чара колдонсом болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.06.2018, 16:04
Надира Бейшеева
Трихолог
Чачтын түшүүсүнүн себептери абдан көп. Биринчиден, чач ички органдардын жабыркашынан түшөт. Организим начарлаганда белги иретинде чачтын түшүүсү башталат. Андан сырткары стресске кабылганда, химиялык заттарга ууланганда, витаминдин жетишпөөсүндө, көп ойлонгондо, өтө көп чарчоодо, уйку качууда, окуучуларда жана студенттерде сынак учурунда чачтын түшүшү күчөйт. Чачты катуу тартып байлаганда, катуу тараганда чач көбүрөөк түшөт. Айрым учурда дарыны узакка пайдалануудан, чачты туура эмес күтүүдөн да түшөт. Өзүңүз трихологдун кеңеши менен үй шартындагы ыкмаларды колдонуп көрүңүз.
0
Пайдалуу жооп