// //

Кызым төшөккө сийип коет

2018.06.06, 09:41
1409

Кызым 4 жашта. Түнкүсүн төшөккө сийип коет. Бул адаты чоңойгондо  калып калабы же дарыгерге көрсөтсөмбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.06.2018, 09:48

Абдырасулов Азизбек

уролог, медицина илимдеринин кандидаты

Урматтуу айым, муну медицинада "энурез" деп коет.  Бала түндө уктап жатканда билбестиктен төшөккө заара ушатат.  Организимдин баарын, анын ичинде табарсыкты дагы нерв системасы башкарып турат. Жаш балдардын нерв системасы толук калыптана элек болгондуктан бул ооруга чалдыгышат.  Кызыңыздын чоңоюшу менен, нерв системасы калыпка келип, оору өзү эле өтүп кетет.  Андыктан, энурез андай деле коркунучтуу эмес, убагы кегенде  кетип калат. Болгону сабырдуу жана чыдамкай болуңуз.

Төмөнкү эрежелер сизге жардам болуп бере алат:

  • Бала күндүз дааратканага баргысы келгенде 5-10 мүнөт токтотуп коюңуз. Бала өзү табарсыгын кармаганга аракет кылганда, нерв системасы тарабынан табарсыктын иштеши көзөмөлдөнөт.
  • Жатаар алдында суюктуктарды аз ичириңиз.
  • Эгерде кызыңыз түнкүсүн 9да уктаса аны 11де толук ойгонгондой кылып тургузуп, дааратканага алып барыңыз. Ошондо рефлекс ойгонот. Бул нерсени 1-2 ай кайталап, кайра 11де эмес 12де ойготуп, улам-улам алдыга жылдыра бериңиз. Жыйынтыгында рефлекс пайда болуп, энурез жоголуп кетет.
  • Календар түзүп коюп, түнкүсүн төшөккө заара ушатпаган күндөрүн белгилеп, азайып калды деп оптимистик көз караш менен кароо дагы жардам берет.
  • Эмоцияны көзөмөлдөп, кызыңызды көп урушпаңыз.
  • Эгерде бул нерселер такыр жардам бербесе дарыгерге кайрылыңыз.
  • Энурез коркунучтуу эмес экендигин, убагы келгенде өтүп кетээрин эстен чыгарбаңыз.
0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт