Жылдыз төлгөгө ишенсе болобу?
2018.06.05, 15:09
1880
Жылдыз төлгөнү көп окуйм. Кээде мүнөзүм туура келип калат. Сурайын дегеним, буга ишенсе болобу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
05.06.2018, 15:18
Улан Усупов
Теолог
Мусулман бир тууганым, жылдыз төлгөгө ишенсек Жаратканга шек келтирген болуп калабыз. Күндүн, айдын, жылдын, кандай болоорун бир гана Кудай таала өзү билет. Жылдыз төлгөнүн пайдасыз, зыяндуу нерселерине ишенип алып, ага зомби сыяктуу ынанып алабыз. Бизди программалаштырып алгандын артында коркунуч, керек болсо чоң трагедия жатышы мүмкүн. Төлгө түзгөн адамдар "бүгүн башыңа балээ түшөт", "эртең көп акчалуу болосуң" - деп ишендирип, сиздин гана эмес, элдин, бүтүндөй адамзаттын тагдыры менен ойноп жатышат. Жаратканга ишенсеңиз, мындай жалгандардан алыс болосуз.
0
Пайдалуу жооп