Түнкүсүн уруктугум түшүп калат
2018.06.04, 13:23
1286
15 жаштамын. Түнкүсүн эрекция боломбу, айтоор эртең менен турсам уруктугум түшүп калган болот. Бул ден-соолугума зыян эмеспи?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
04.06.2018, 13:34
Нурбек Монолов
Уролог
Урматтуу жаш дос, нормада эрекция бардык эркектерде түнкүсүн 4, 5 жолу жүрөт. Күнүгө жыныстык катнашка бара албагандыктан, мүчөдө кандын жүгүрүп турушу үчүн, түнкүсүн эрекция болушу керек. Бул дени сактыктын белгиси. Эрекция төмөнкү учурларда жүрөт:
- Табарсык толуп кеткенде;
- Кошулуу учурунда;
- Эротикалык кино көрсө, журнал окуса, элестетсе;
- Түнкүсүн эротикалык түш көрсө.
Ал эми уруктуктун түшүп калуусу “поллюция” деп аталат. Бул табигый нерсе, мындан коркуунун кереги жок. Уруктук 72-75 күн жашайт, жаңысы пайда болгондо, эскилери түшөт.
0
Пайдалуу жооп