Жолдошумдун талмасы бар
21 жаштамын. Күйөгө чыкканыма жарым жыл болду. Экинчи турмушум. Жолдошум талма оорусу менен ооруйт. Кыз-жигит болуп жүргөн учурда бул тууралуу мага эч нерсе айткан эмес. Оорусунан корком. Кийин балалуу болсок кыйналып калбаймынбы? Ата-энем “эл эмне дейт” деп болбой жатышат. Акыркы күндөрү эч нерсеге көңүлүм жок. Ажырашып кетсемби? Кандай кылсам туура болот?
Гүлмира Молдокулова
Психолог
Урматтуу окурман, жолдогон катыңыздан коркунучта жана эмне кылаарыңызды билбей жүргөнүңүз билинип турат. Жолдошуңуз менен мындан ары жашай аласызбы, анын оорусуна чыдайсызбы, жашоо менен күрөшөсүзбү же ажырашып кетесизби, муну бир гана сиз чечесиз. Башкалардын оюу маанилүү эмес. “Эл эмне дейт?” деген бул ата-энеңиздин сөзү. Мен сизге суроо бергим келет:
- Жашооңузду кандай деп ойлойсуз?
- Чынында эле сизге элдин оюу маанилүүбү?
- Кайсы кишилердин оюу маанилүү?
- Алардын оюу эмнеси менен маанилүү?
Сизди эч ким сындап, күнөөлөгөнгө акысы жок. Ал киши менен жашоо кандай экенин өзүңүздөн башка эч ким билибейт. Бир нерсени түшүнүңүз, жашоону бардык кишинин көз карашына тууралаган болбойт. Маанилүүсү, жашооңуздүн кандай болушун каалайсыз, мына ушуну ойлоңуз.