Кыз качан балакатка жетет?
Кыздар балакатка 9 жашында жетет деп уккам. Балакатка жеткенден баштап намаз окуп, орозо кармашыбыз керек экен. Мен 16 жашымдан баштап орозо кармай баштадым. Эгерде мен 9 жашымда балакатка жеткен болсом, эсептөөм боюнча 7 жыл орозо кармабаптырмын. Демек, 7 айлык карыз орозом барбы? Бул айларды бир жыл ичинде катары менен кармап койсом болобу?
Улан Усупов
Теолог
Кыздар балакатка ар кандай жашта жетет. Баары бирдей 9 жашында балакатка жетет деген нерсе жок . Жалпысынан алып карасак 9 -13 жашка чейин балакатка жетип калышы керек. Эң кеч 15 жаш болушу мүмкүн. Балакатка келгенде кыз кишиде атайын белгилер пайда болот. Негизги белги – этек кир. Ошол учурдан баштап кыз балакат жашына жеткен болуп эсептелинет. Андыктан сиз балакатка жеткен жашыңызды өзүңүз билесиз. Ал жаштан баштап намаз окуу, орозо кармоо сизге парз болуп эсептелинет. Жашыңызды аныктаган соң канча жылдык карыз орозоңуз болгонун баштап санайсыз. Мисалы, 12 жашыңызда балакатка жеткен болсоңуз, анда 16-12=4 жылдык карыз орозону кармап бересиз. Аны өзүңүздүн каалоо жана мүмкүнчүлүккө жараша кармаса болот. Каза болгон орозолор бир гана Рамазан айында жана орозо кармоо арам болгон Орозо айт күнү жана Курман айттын 4 күнүндө кармалбайт. Калган күндөрдүн баарында, кааласаңыз бөлүп-бөлүп, же катары менен бөлбөстөн кармай бериңиз. Каза орозонун ниети эртең менен багымдат намазынын убактысы киргенче жасалышы шарт. Ниет "Ниет кылдым Аллах Тааланын ыраазычылыгы үчүн каза болгон орозомду кармоого" деп айтылат.