Мурдум себепсиз канайт
2018.05.31, 09:22
958
Мурдум көп канайт. Себебин билбейм. Эмне кылсам болот?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
31.05.2018, 09:23
Чолпон Бейшеева
Отоларинтолог
Биринчиден сиз сөзсүз ЛОРго кайрылып, риноскопия жасатыңыз. Анткени лабораториялык анализдоо керек. Айткандарыңызга караганда болжолдуу түрдө кургак ринитке окшош экен. Мурун көңдөйүндө киссельбаха деген зона бар. Ал жерде көптөгөн кан тамырлардын анастамозу жайгашкан. Ошол жер кургап кеткенден улам мурун көңдөйүндөгү (слизистая оболочка) кан тамырлардын дубалы жарылат. Кандуу кабыкча туруп калат да, чимкиргенде же тийгенде кабыкча чыгып кетип, канай берет. Артериалдык кан басым көтөрүлсө дагы канайт. Андыктан тезинен дарыгер отоларинтологго кайрылыңыз.
0
Пайдалуу жооп