Баланы кантип жазалоо керек?

2018.05.14, 15:30
2605

Эгерде балага арзыбаган кылмышы үчүн кыйкырып, сабап, «желмогуз», «жаман киши» деп коркутуп үркүтсө, анын балалыгы бактысыз өтөт.

Ата-эненин каардуулугу бөбөктөрдүн өзүнө болгон ишенимин төмөндөтүп, коркок, тынчы кеткен, үңкүйгөн адам болуп чоңоюсуна өбөлгө түзөт. Бирок баланын жасаган айыптуу иштерин көрмөксөнгө салып койгон да болбойт. Себеби жаман жүрүм-турум норма катары кабыл алынып, бардык нерсеге уруксат деген ой пайда болот.

Эркелеп, чалчаңдаган бала өзүмчүл жана эч кимге баш ийбеген өспүрүм болуп чоңоет.

Башкача айтканда, балдарды чынында эле айыптуу болгон учурда жазалаш керек. Бирок, балага кыйкырып, сабаган болбойт. Жазалоо натыйжалуу болсун десеңиз, жаман, көйгөйлүү жүрүм-турумдун такыр болушу мүмкүн эмес экендигин балага жеткиликтүү кылып түшүндүрүп бериңиз.

Балаңыз, жазалоо – бул чоң кишилердин каалоосу эмес, тарбиялык иш-чара экендигин так түшүнүшү зарыл. Ошондуктан төмөнкүлөргө көңүл буруу керектелет:

  1. 2,5-3 жашка чейин баланы жазалоонун кажети жок. Анткени ал өзүнүн көйгөйлүү жүрүм-туруму менен анын жыйынтыгынын себептик-натыйжалуу байланыштарын түшүнбөйт.
  2. Алгач анын тил албагандыгынын себептерин аныктап алуу керек. Балким сыркоолоп, чарчап тургандыр же ата-энесинин ашыкча каардуулугуна байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай учурда башкача чара көрүлөт.
  3. Балага карата колдонулган чаралар анын жаш өзгөчөлүгүнө жана күнөөсүнүн деңгээлине ылайык болсун.
  4. Тарбиялык чаралар өтө көпкө созулбасын.
  5. Сөзсүз түрдө эмне себептен жазаланганы, мисалы «ысык отургучка» отурганын айтып берүү керек.
  6. Тарбиялык чаралардан кийин бала менен тигил же бул аракеттердин жол берилбей тургандыгы жөнүндө аңгемелешүү өтө маанилүү.
  7. Көп күн мурун кетирген кемчилдиги үчүн баланы азыркы учурда жазалоо туура эмес.
  8. Тарбиялоо учурунда жалгыз гана жазалоо эмес, мактоону да колдонуу талап кылынат.
  9. Чоң кишилер жаман маанайын баладан чыгарбасын.
  10. Эгерде ата-энелер туура, таасирдүү чараларды колдонбосо, бала улууларды урматтабай, кылган ишине жаза албай турганына ишенип калат.

Ата-энелерге төмөнкүлөрдү колдонууга тыюу салынат:

  1. Табигый керектөөлөрдөн (уйку, тамак – аш, туалет) ажыратуу.
  2. Жазалоону көп колдонуу.
  3. Мурунку көйгөйлөр жөнүндө кайталап эскерүү.
  4. Баланы сабап жана басмырлоо.
  5. Көйгөй чечилгенден кийин бири-бирин кечирбөө.
  6. Баланын колунан келбей турган нерсени талап кылуу. Мисалы, жаңы буюмду сатып алуу, бузулган саатты оңдоо.
  7. Балага жакшы көрбөй калгандыгы тууралуу айтуу.
  8. Баланын аброюна шек келтирген жазаларды колдонуу.
  9. Достордун, тааныштардын жүрүмүн туурабай, тарбиялык чаралар ар бир балага жекече багытталышы зарыл.
  10. Мурун түшүндүрүлбөгөн жана талкууланбаган тыюулар үчүн жазалоо.
  11. Алдын ала жазалоо.
  12. Бала ооруп, тамактанып, ойноп, уктап жатканда жана турганда жазалоо.

Бөбөктү жазалаардан мурун, анын психикалык жана физикалык ден-соолугуна зыян келтирбеген жазанын түрлөрүн колдонуу керек. Башка гумандуу жана таасирдүү ыкмалар бар экенин билип, баланын урматына кыйкырык, уруп-согуу аркылуу ээ боло албай турганыбызды унутпайлы. Ата-энелерден чыдамкайлык жана көп убакыт талап кылынат. Ошондо гана, натыйжалуу жыйынтыкка ээ боло аласыз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт