Тажикстандан алган күбөлүгүмдү кантип өзгөртөм?
Мен Баткен облусуна караштуу Үч-Коргон айылында төрөлгөм. Төрөлгөнүмдө ата-энем ажырашып кетип, туулгандыгым тууралуу күбөлүк алган эмес экен. Кийинчерээк таятамдар Тажикстандын Жерге-Тал районуна көчүп барып, ушул жакта төрөлгөн деген күбөлүк алышыптыр. Учурда Чүйдө турам. Паспортумдун туулган жери деген сабында Тажикстан деп жазылып калган. Ошону туулган жери Баткен деп өзгөртүп, жаңы паспорт алсам болобу?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо Кызматы
Урматтуу окурман, паспортко маалыматтар туулгандыгы тууралуу күбөлүккө карап жазылат. Бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүк өзгөртүлбөйт. Демек, сиз күбөлүгүңүздү кайрадан Кыргызстандын Баткен облусунда төрөлгөн деп жасата албайсыз. Күбөлүккө жазылган маалымат өмүр бою сакталат. Ошондой эле сурооңузда кайсы өлкөнүн паспортун алгандыңызды жазбаптырсыз. Паспортуңуз Кыргызстандыкыбы же Тажикстандыкыбы? Эгерде сизде дагы суроолор пайда болсо, биздин 119 телефон номерине акысыз байланышып, жооп алсаңыз болот. Сизге ийгилик каалайбыз!